Өлкөдөн 10 миң доллардан көп акча чыгарууга тыюу салынды

Министрлер кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин Кыргызстандан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында кабыл алынган.

Чечимге ылайык, төмөнкүдөй убактылуу тыюу салуу белгиленген:

– резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден (беш миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;

– Кыргызстандын жарандарына жана резиденттерине 10 000ден (он миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;

Кыргызстандын жарандары жана резиденттери 10 000ден (он миң) көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10 % өлчөмүндө төлөм алынат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына жана Мамлекеттик бажы кызматына накталай АКШ долларын алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.