Ачкалыктан каза болгон 7 жаштагы кыздын үй-бүлөсү тууралуу мэрия маалымат берди

Кара-Балта шаарында каза болгон 7 жашар кыздын үй-бүлөсү көп балалуу жана жакыр катары Жайыл районунун эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүндө каттоодо турат.

Бул тууралуу 24.kg сайтына Кара-Балта мэриясынан билдиришти. 

«Апасы 41 жашта, кыргыз жараны, үй кожойкеси. Атасы 46 жашта, Орусиянын жараны, ошол жакта иштейт, ал үй-бүлөсүн Орусияга көчүрүүнү пландап жүргөн. Азыр ал Кыргызстанда убактылуу үйүндө.

Апасынын айтымында, кыз жакшы тамак жечү эмес. Көчөдө жүрүп эле ооруп калган. Ал ооруканага жеткирилип, кыз ошол жерден каза болгон. Жалпысынан үй-бүлөдө каза болгон кызды кошкондо алты бала болгон. Улуу кызы 18 жашта, эки эркек бала 14 жашта (бирөөсү бала кезинен майып), 10 жана 2 жаштагы кыздары дагы бар.

2012-жылы үч жашында чарчап калган дагы бир кызы бар болчу. 14 жаштагы майып баланы Беловодское айылына кыздарынын улуусу алып кеткен», — деп маалымдашкан. 

Декабрь айында үй-бүлө аз камсыз болгондуктан, мамлекеттик материалдык резервден көмүр жана 50 килограмм ун сатып алуу үчүн мэриядан 5 миң сом алган. Ата-энелерге да балдарга керектүү нерселерди алып берүүнү сунушташкан, бирок апасы баш тарткан.