Депутат Медербек Саккараев кыргыз паспортун мыйзамсыз алганбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараев кыргыз паспортун мыйзамсыз түрдө алганы айтылууда.

Бул тууралуу Токмак шаарынын депутаты Чолпон Сыдыкова билдирди.

Анын айтуусу боюнча, Казакстандын жараны болгон Саккараев аны жашырып, Кыргыз Республикасынын паспортун мыйзамсыз түрдө алган, ошондой эле мыйзамсыз түрдө Жогорку Кеңештин депутаты болуп саналат.

Казакстан элчилигинин маалыматы боюнча, Медербек Саккарев 2021-жылдын 18-ноябрында Казакстан жарандыгынан айрылган.

325610267 700653141698183 3901782843139911600 n Депутат Медербек Саккараев кыргыз паспортун мыйзамсыз алганбы?
Саккараев Казакстандын жараны болуп 2002-2021-жж эсептелген, 2008-жылы жана 2015-жылдары кыргыз паспортун мыйзамсыз алган.
325725885 737765664113898 1395541120108126645 n Депутат Медербек Саккараев кыргыз паспортун мыйзамсыз алганбы?
325575070 708030877559186 772377383810667196 n Депутат Медербек Саккараев кыргыз паспортун мыйзамсыз алганбы?

Чолпон Сыдыкова тиешелүү мамлекеттик органдардан бул факт боюнча иш-чараларды көрүүнү суранат.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 16-ноябрында КККга Саккараевдин Казакстандын жараны бар деген билдирүү келген. КЭК Бишкектин Административдик сотуна кайрылып, акыр-аягы Саккараевге “мандат берилбеши керек” деген чечим чыгарган.

Бирок, кийинчерээк, Жогорку сот КККнын каттоосун жокко чыгаруу чечимин колдогон жок.