Кара-Балтада 7 жашар кыз толук кандуу тамактанбагандыктан көз жумду

Кыз толук тамактанбагандыктан көз жумган. Маалыматты Bulak.kg редакциясына Чүйдөгү Жайыл ооруканасынан тастыкташты.

Доктурлардын айтуусу боюнча, кыз 14-январда чарчап-чаалыккан өтө оор абалда кабыл алынган. Ал интенсивдүү терапияга жаткырылган.

“Кабыл алынгандан кийин кыздын салмагы 7 жашында 12 кг болгон. Доктурлар колунан келгендин баарын кылышкан, бирок ал 15-январда эртең менен көз жумган”, – деп билдиришти ооруканадан.

Айрым билдирүүлөргө ылайык, баланын энеси Орусияда, ал эми атасы балдарга кам көрбөйт.

Каза болгон кызга бардык экспертизалар дайындалды, текшерүү иштери жүрүп жатат.