Жалал-Абадда УКТнын активдүү мүчөсү кармалды

      2023-жылдын 14-январында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгүндө «Опузалап талап кылуу» каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, 1998-жылы туулган Ж.у.А. аттуу Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сейдикум а/а Кызыл-Ай айылынын тургуну кармалды. 

      Аталган Ж.у.А. аттуу жаран күч колдонуп коркутуу жолу менен жергиликтүү ишкерлерден 1 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражаттарын жана башка материалдык керектөөчүлөрдү системалуу түрдө талап кылып алып жүргөн.
      Ошондой эле, Ж.у.А. Базар-Коргон районунун Сейдикум а/а Сай айылынын аймагында жер тилкелерин өз алдынча басып алуу менен алектенип, 20 сотых жерге айыл чарба багытындагы мал сарай жана мыйзамсыз турак жай куруп алган. 
      Учурда кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

      КР УКМКнын Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгы  жарандарды уюшкан кылмыштуу топтордун адамдары тарабынан опузалап акча талап кылуу болуп жатса жана башка мыйзам бузуу фактылары боюнча маалыматтарды билишсе, тел: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 башкы башкармалыктын нөөмөт кызматына тез арада кайрылууну өтүнөт.