Орто-Сай базарынан өрт чыкты

15-январь саат 02:38 чамасында Октябрь району, Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан Орто-Сай базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүктөрүнөн №28, №5, №4 жана №3 өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн күжүрмөн эсептери жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган.

Өрт өчүрүүлөрдүн ыкчам аракети менен 03:37 өрт чектөөгө алынып толук саат 05:10 өчүрүлдү.

Жалпы аянты 180 ч.м. жашылча жемиш сатуучу жай жана эт сатуучу 6 даана желим материалдан курулган павильон муздаткыч, отургучтар күйгөн.

Эт сатуучу павильондун ички түштүк – чыгыш тарабы, сырткы түндүк – түштүк жана чыгыш тарабында жайгашкан соода оорундар, павильондор өрттөн сакталган.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Өрттүн себеби учурда такталууда.