ИИМ: Оштогу өзгөчө оор кылмыштын бетин толук ачууга багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 13-январга караган түнү саат 01:15 чамасында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө белгисиз адамдар жаранды атайылап өлтүрүп, бирөөсүнүн денесине оор залал келтиришкен. Андан соң кол салгандар унаа менен качып кетишкен.


Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда кылмышкерлердин төртөө кармалды.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев Ош шаарында болуп, өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча тергөө-ыкчам тобунун ишин координациялоодо.
Кылмыш ишинин алкагында иш-чаралар жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн жана алардын жакындарынын даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, автоунаалар жана унаалардагы жүргүнчүлөр текшерилүүдө.


Өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар кылмышкерлерди кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте уланууда.

WhatsApp Image 2023 01 14 at 15.57.15 1 ИИМ: Оштогу өзгөчө оор кылмыштын бетин толук ачууга багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө
WhatsApp Image 2023 01 14 at 15.57.15 ИИМ: Оштогу өзгөчө оор кылмыштын бетин толук ачууга багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө
WhatsApp Image 2023 01 14 at 15.57.16 1 ИИМ: Оштогу өзгөчө оор кылмыштын бетин толук ачууга багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө
WhatsApp Image 2023 01 14 at 15.57.16 2 ИИМ: Оштогу өзгөчө оор кылмыштын бетин толук ачууга багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө
WhatsApp Image 2023 01 14 at 15.57.16 ИИМ: Оштогу өзгөчө оор кылмыштын бетин толук ачууга багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө
WhatsApp Image 2023 01 14 at 15.57.17 ИИМ: Оштогу өзгөчө оор кылмыштын бетин толук ачууга багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө