Бастрыкин: Орто Азиядан келип Орусиянын жарандыгын алгандарды Украинадагы согушка жибериш керек


Орто Азиядан келип Орусиянын жарандыгын алган жарым миллиондон ашык адамды Украинадагы согушка жибериш керек экендигин Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин билдирди.


“Статистикага ылайык, чет өлкөлүктөр массалык түрдө орус жарандыгын алууда аскердик кызматтан буйтап өтүшөт. Акыркы беш жыл ичинде Орто Азия жана Түштүк Кавказдан эле жарым миллиондон ашык адам жарандыкты алган. Анын ичинде Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын мурунку 550 миң жашоочусу бар”, – деп Бастрыкин “Российская газета” басылмасы менен курган маегинде айтты.


Анын айтымында, бул кырдаалга байланыштуу айтылган жарандарды максаттуу түрдө “атайын аскердик операциясынын” тапшырмаларын аткарууга багытташ керек.