ИИМ: Ош шаарында өзгөчө оор кылмышты жасоого шектелген үчүнчү жаран кармалды

Ош шаарында жасалган кылмышка тиешеси бар адам Ош облусунун аймагынан кармалды.
Өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1991-жылы туулган Чубаков Нурбек Өзгөн районунан кармалды.
Кылмыш ишинин бетин толук ачуу боюнча иш-чаралар улантылууда.