Ботоярованы Кыргызстандан эмес, Казакстандан келди деп тааныштырышты

Алтынай Ботоярова «Аалам периси — 2023» эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандан барган. Сынакта алып баруучу Кыргызстандын ордуна Казакстан деп жаңылып өлкөнү тааныткан. Кийинчерээк бул ката үчүн кечирим суроо расмий сайтында жана сынактын расмий Instagram баракчасында пайда болгон.

«Биздин команда жакында Жаңы Орлеанда өткөн алдын ала иш-чарада өлкөнүн атын туура эмес айтканы үчүн Кыргызстандан кечирим сурайт», — деп айтылат сынактын баракчасында.