Чолпон-Атада тургундун телевизорун уурдап, үйүн өрттөгөнгө аракет кылган жаран кармалды

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына Ысык-Көл РИИБинен билдиришти.

7-январь күнү Ысык-Көл РИИБне Чолпон-Ата шаарынын  1972-ж.т. К. У. арыз менен кайрылган. Арызында, 5-январь күнүнөн 7-январь күнүнө чейинки аралыкта, үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып, белгисиз адамдар анын үйүнө жашыруун түрдө кирип, телевизорун уурдап жана үйүн өрттөгөнгө аракет кылганы жөнүндө билдирген.

Келтирилген  материалдык чыгым 30 000 (отуз миң) сомду түзгөн.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, КРнын КЖКнин 205 (Уурдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козгологн.  

Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, Нарын облусунан колго түшүрүлүп тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Шектүү, Нарын облусуна карштуу Ак-Талаа районунун 1995-ж. т. тургуну А. Ч. болуп чыккан.

Алгачкы суракта шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен  Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 20 күндүк мөөнөткө камака алынган.

Тергөө амалдары уланууда.