Ушул жылы муздан тайып жыгылган 458 адам ооруканага түштү

Бишкек шаардык Медициналык-консультативдик кызмат жана спорттук медицина борборунун директору Сагындык Айтбаевдин айтымында, 1-11-январь аралыгында тез жардам бөлүмүнө 458 адам кайрылган.

Анын ичинен 166 адам сынык алса, 274 адамдын денеси көгөрүп, тырышып калганы аныкталган.

Адистер муздан тайып жыгылган учурда дарыгерге барууну кийинкиге калтырбоого кеңеш беришет.

«Эгерде адам жыгылып калса, башы ооруса, башы айланып, муундары ооруса же болбосо шишип кетсе, дароо медициналык жардамга кайрылыңыз!» деди Сагындык Айтбаев.