“Доо – 50 миллион сом”: Kaktus.media сайтын «Вечерний Бишкек» сотко берди

«Вечерний Бишкек» басылмасы «Kaktus.media» сайтын сотко берди. Ага «Вечерний Бишкек» гезитинин жабылышы жана кызматкерлердин жумуштан бошотулушу тууралуу жазылган маалымат себеп болгон. Бул тууралуу Kaktus.media жазды.

Маалыматка караганда, Биринчи Май райондук сотуна арыз түшкөн. Доонун жалпы суммасы 50 миллион сомду түзөт.

«Вечерний Бишкек» «Kaktus.media» жарыялаган макалада басылманын жабылышы жана банкрот болгондугу тууралуу туура эмес маалымат камтылган деп эсептейт.

Эске салсак, былтыр аталган басылма тууралуу «Kaktus.media» текшерилбеген маалымат чыгарган.