1-февралдан тартып патент боюнча иштердеги өзгөртүүлөр күчүнө кирет

Үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан тартып патент боюнча иштердеги өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) билдирет.

Маалыматта айтылгандай, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2023-жылдын 1-февралынан тартып патенттин негизинде жүргүзүлгөн иштин 19 түрү кыскартылып, 86дан 67 түр калат.

Анын ичинде жеке ишкердик иш – 56 түрдөн 34кө чейин кыскарууда, ал эми жеке эмгек ишмердиги, тескерисинче, иштин 3 түрү менен толукталып, 30дан 33кө чейин көбөймөкчү.

Жеке ишкердик иш

Иштин төмөнкү түрлөрү алып салынды:

– убактылуу түйүндөрдү колдонуу менен эсептөө жана көбөйтүү техникаларын тейлөө кызматтары, үйлөнүү салондорунун кызматтары, караоке кызматтары, базарларда лото оюндары,

– эт жана канаттуулардын этинен (шашлык, гриль) даяр тамактарды жасоо жана сатуу, нан бышыруу (1 шкаф үчүн) боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

Ишкердик иштен эмгек ишмердигине – жер үстүндөгү транспорт иши, үн жазуу жана видео тартуу кызматтары, сүрөтчүлөрдүн иши, анын ичинде сүрөттөрдү жана портреттерди сатуу, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды (музыканттар, тамада, бий жана актердук топтор башка сахналык спектаклдер) тейлөө кызматтары которулду.

Жаңы иштин түрлөрү менен авто унаа каражаттарын жууп-тазалоо кызматтары, 3 орундуу отургучту пайдалануу менен жеке стоматология кызматтары жана сауна кызматтары (кызматтын наркына жараша) толукталды;

Мындан тышкары, ишмердиктин 16 түрү бир пунктка бириктирилип, 5 түрү жаңы аталышка өзгөртүлдү.

Ошондой эле, өзүнүн кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү боюнча эсептер өзгөрдү. Алсак, патенттин баасы 1 чарчы метр үчүн аныкталат, ал эми мурда – бөлмөнүн санына жараша эсептелчү.

Жеке эмгек ишмердиги

Иттерди үйрөтүү, жалпы курулуш иштери, электр монтаждоо иштери, санитардык-техникалык иштер жана уюлдук байланышка бирдик жүктөө боюнча кызматтар жокко чыгарылды.

Тизме жеке эмгек ишмердигинин жаңы түрлөрү менен толукталды. Булар – I топтогу майыптыгы бар адам тарабынан көрсөтүлүүчү дарылоочу укалоо кызматы, үйдөн иштеген тигүүчүлөрдүн, визажисттердин, чач тарачтардын, маникюр жана педикюр боюнча адистердин, үйдөгү 100 чарчы метрге чейинки аянттагы жеке мончо кызматтары (аянтына жана жайгашкан жерине жараша), жер бетиндеги унаа кызматы, атайын курулуш иштери, анын ичинде оңдоо иштери.

Жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөн жеке жактар жалданма кызматкерлерди ишке тартууга укугу жок.

Мамлекеттик салык кызматы патенттин базалык суммасынын негизинде Бишкек шаары жана райондор боюнча иштин түрлөрүнө карата патенттин суммаларын бекитти.

2023-жылдын 1-январынан тартып патент милдеттүү түрдө электрондук түрдө таризделүүгө (электрондук патент) тийиш.

Мындан тышкары, патенттин негизиндеги салыктын төлөм коду “11122300”ден “11122200”ге өзгөртүлдү.

Иши патенттин негизинде кыскартууга дуушар болгон салык төлөөчүлөр салык төлөөнүн башка режимин тандашы керек. Салыктарды бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) негизинде же жалпы салык режиминде төлөөгө болот.