Айбек Айдарбеков Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу болду

Президент Садыр Жапаровдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Айдарбеков Айбек Акматбекович Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.

Ошол эле кезде, Маматалиев Калдарали Капарович Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу кызматынан бошотулду.