Базар-Коргон: Төрт баланын апасы 4 айдан бери балдарын көрө албай жатат

Базар-Коргон районунун тургуну (аял киши) дээрлик төрт айдан бери балдарын көрө албай жатат. Судьядан ишке тез арада чекит коюуну же күйөөсүн балдары менен көрүшүүгө уруксат берүүнү милдеттендирүүнү суранганына карабай, ал ишти кийинкиге калтырып келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук “Адилеттүүлүк” укук коргоо уюмунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон районунун тургундары — 35 жаштагы Б.А. жана 29 жаштагы Х.М. 2011-жылы үй-бүлө курушкан. Алардын жашы жете элек төрт баласы бар.

2022-жылдын башында алардын ортосунда пикир келишпестик болуп, аялы балдарын алып, ата-энесине кеткен. Ошол убакыт аралыгында күйөөсү эч кандай материалдык жардам көрсөткөн эмес. Ал эми 2022-жылдын август айында аял Россияга иштөө үчүн кеткен.

Күйөөсү аялынын жоктугунан пайдаланып, алдоо жолу менен балдарын өзүнө алып кеткен. Аялынын ата-энесине балдарын сагынганын, алар менен болгусу келгенин айткан. Ата-энелер каршы болгон эмес, анткени алар жубайлардын пикир келишпестиктерин убактылуу деп эсептешкен.

Андан кийин күйөөсү аялынан балдары үчүн алимент талап кылып сотко кайрылган. Алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун алган келиндин ата-энеси бул тууралуу кызына билдирүүгө аргасыз болушкан. Ошондой эле алар ага Б.А. балдарды кайтарбай жатканын билдиришкен.

Сентябрь айында Х.М. Россиядан кайтып келүүгө аргасыз болгон. Ал кайтып келгенден кийин алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Сотто аял күйөөсү ажырашуу үчүн сотко кайрылганын билген. Ал арызында алардын ортосунда мүлк жана балдар боюнча эч кандай талаш-тартыш болбогонун көрсөткөн. Бирок, талаш эки маселе боюнча дагы болгон.

Х.M. балдарын аны менен бирге калтырууну жана үй-бүлөлүк жашоонун жылдарында курулган үйдү биргелешип алынган мүлк деп таануу өтүнүчү менен утурлама доо арыз менен кайрылган.

Аялдын кызыкчылыгын коргоп жаткан Жалал-Абаддагы “Адилет” укук коргоо уюмунун жактоочусу Элдор Бакировдун айтымында, Базар-Коргон райондук сотунун судьясы Абдурахманов Р.А. сот процессин негизсиз создуктуруп жатат.

«2022-жылдын 16-декабрында судья тараптардын жарыш сөзүндө доогердин өкүлү тараптардын дебатына даяр эмес деген жүйө менен соттук териштирүүнү негизсиз 2023-жылдын 12-январына жылдырган. Ал эми доогердин өкүлү өз арызында никени бузууну гана суранган, бул үчүн эч кандай даярдык көрүүгө убакыт талап кылынбайт”, — деди ал.

Жактоочу белгилегендей, Х.M. ар бир сот отурумунда судьядан доогерди балдарын (алардын эң улуусу он жашта) көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү милдеттендирүүнү өтүнөт. Бирок судья отурумду жаңы мөөнөткө жылдырууда. Сот отуруму бүгүн, 12-январда уланат.