Эркинбек Осоев Японияга элчи болуп дайындалды

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматын аркалаган. Ал 2022-жылдын 3-октябрында өз арызынын негизинде кызматынан кеткен.