Министрлик татыктуу карылыкты камсыз кылууга багытталган чараларды ишке ашырууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги татыктуу карылыкты камсыз кылууга багытталган чараларды ишке ашырууда. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев БУУнун Кыргызстандагы калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) жаңы башчысы Бактыбек Кайназаров менен жолугушуу учурунда билдирди.

x325225134 1349780619152018 5995881467893420130 n Министрлик татыктуу карылыкты камсыз кылууга багытталган чараларды ишке ашырууда

Министрдин айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан улгайган адамдардын муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурулууда.

“Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында бардык жарандардын бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган программалар ишке ашырылууда, мында адамга багыт алуу жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын «эч кимди артта калтырбоо»негизги милдеттенмесине басым жасалууда”, — деди министр.

Ал белгилегендей, 2025-жылга чейин Кыргызстанда улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралар планы ишке ашырылууда.