УКМК: Украинада согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны кармалды

      Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан тиешелүү иш-чаралардын алкагында Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан КР жараны К.у.А. аныкталды.

      Такталгандай, К.у.А. Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Украинанын аймагына көчүп келип, ал жердеги аскердик топтордун катарында аскердик операцияларга катышкан.

      2023-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.у.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
      Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат.

      Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.
bfae6f4f 4220 47ba bedd b1970549febe УКМК: Украинада согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны кармалды
479114cf 4d48 4e3a a65a 16cdc203d9c6 УКМК: Украинада согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны кармалды
ff2c0581 a1c4 4755 b002 5353056ca11f УКМК: Украинада согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны кармалды
9d7e2f8b 531a 43cd a8b5 e2d81727048c УКМК: Украинада согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны кармалды
WhatsApp Image 2023 01 12 at 12.46.14 УКМК: Украинада согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны кармалды
WhatsApp Image 2023 01 12 at 12.55.16 1 УКМК: Украинада согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны кармалды