Зордуктоого шектелген Чыңгыз Мамаев үй камагына чыгарылды

Актер Чыңгыз Мамаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, актердун баш коргоо чарасын караган соттук отурум бүгүн, 11-январда болуп өткөн.

Эскерте кетсек, актер былтыр апрель айында зордуктоого шектелип кармалган. Ага карата Кылмыш кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон.