Брэд Питт хан сарайын 39 миллион долларга сатты, эми ал башка үйдө сүйүктүүсү менен жашайт

Америкалык актёр Брэд Питт мурунку жубайлары актриса Женнифер Энистон жана Анжелина Жоли менен жашаган хан сарайын сатты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 59 жаштагы актёр хан сарайын 39 миллион долларга саткан. Хан сарайдын жаңы кожоюну анын статусу үчүн кымбат сатып алганы айтылат. Себеби, имарат 1910-жылы курулган жана Брэд Питт хан сарайды убагында 1,7 миллион долларга сатып алган. 

Актёр мындан ары өткөн жылы жайында Кармел-Хайлендстен 40 миллион долларга сатып алган үйүндө жашай турганы белгилүү болду. Бул Калифорниянын жээгиндеги эң кымбат хан сарай.
 

Голливуд жылдызынын жеке жашоосунда дагы баары туруктуу. Тагыраагы, ал жарым жылдан бери Инес Де Роман менен олуттуу мамиледе. Ал бир ай мурун сүйүктүүсүн балдары менен тааныштырган.

Андыктан актёрдун бул мамилеси тойго жетери болжолдонууда.

bradin pic 32ratio 900x600 900x600 49212 Брэд Питт хан сарайын 39 миллион долларга сатты, эми ал башка үйдө сүйүктүүсү менен жашайт