Жылкы уурдоого шектелип кармалган Болот Назаров камакта калды

Төкмө акын Болот Назаров дагы эки айга камакка алынды. Соттун чечимине ылайык акын №1 тергөө абагында кармалат.

10-январда Москва райондук сотунда жылкы уурдоо фактысы боюнча иш каралган. Отурумдун жүрүшүндө судья айыпталуучуга 16-мартка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Эске салсак, 9-ноябрда Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жылкы уурдоого шектелип, төкмө акын Болот Назаров кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.