Кармалган жети адам боюнча материалдар сотко берилет

Бүгүн Бишкекте кармалган мыйзамдуулук үчүн жөө жүрүштүн жети катышуучусуна карата протоколдор түзүлдү. Материалдар сотко берилет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбордун Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Беш жаранга карата участкалык милиция кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин (ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) жана эки жаранга карата 139-беренесинин (тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу) негизинде протоколдор түзүлдү. Чогултулган материалдар маңызы боюнча чечим чыгаруу үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлөт. Калгандары менен маектешишти. Кийинчерээк баары бошотулду «, — деп билдирди редакцияга.

Эскерте кетсек, камакка алынгандардын жакындары бүгүн ИИМдин имаратынын алдына митинг өткөрүүгө чогулган. Алар менен ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу жолуккан. Жолугушуудан кийин милиция кызматкерлери камактагылардын жакындарына ИИМдин жанында митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Акциянын катышуучулары президенттин администрациясы турган көчө (Абдымомунов көчөсү) аркылуу Горький сейил багына жөө жүрүш менен өтүүгө аракет кылганда, милиция аларды кармап кеткен.

Кармалгандардын арасында акцияны чагылдырып жаткан «Политклиника» басылмасынын журналисти Эркайым Асанканова да бар болчу. Аны райондук милицияга жеткиришип, документтерин көрсөткөндөн кийин кое беришкен.

Ошондой эле митингдин катышуучуларын кармоо учурунда милиция кызматкерлери «Азаттыктын» журналисти Бакыт Төрөгелдини да кармап кетүүгө аракет кылган.

2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.