ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын аймагында жааган карга байланыштуу 12-14-январда тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.