“Бардык жыйынга катышкыла!”: Нурланбек Шакиев талкууга катышпаган депутаттарга кайрылды 

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кенештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды жыйынга активдүү катышууга үндөдү.

Парламенттин жыйынында “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан.

“Комитетте маселе каралып жатканда депутаттар талкууга активдүү катышпайсыңар. Анан парламенттин жыйынына келип, биринчи жолу угуп, оюңарды айтасыңар. Азыр суроо берип жаткан айрым депутаттарды мен көптөн бери көрө элекмин.

Маселе каралып жатканда чыгып кетесиңер. Бирөө суроо берип жатканда укпайсыңар, анан ошол эле суроону кайра бересиңер. Ошон үчүн ушул жерде отуруп, өз ишмердүүлүгүнөрдү аткаргыла, деп өтүнөт элем. Парламентте маанисиз маселе каралбайт, ошон үчүн бардык жыйынга катышканга аракет кылгыла”, — деди Нурланбек Шакиев.

Буга чейин бир катар депутаттар аталган мыйзам долбоорун артка кайтарууну сунушташкан.