Исхак Масалиев жапырт камалгандарды бошотууну талап кылды

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев массалык башаламандык уюштурууга шектүү делип кармалып, учурда камакта отурган 20дан ашык адамды бошотууну Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевден талап кылды.

Анын айтымында, эки айдан бери алар суракка чакырыла элек.

“Мен алар менен чогуу отургам. Бийликти басып алуу боюнча сөз болгон эмес. Мен сизге расмий түрдө кайрылып жатам. Аларды бошотуу керек. Эки айдан бери бир дагы жолу суракка чакырылбаптыр”, — деди.

Башкы прокурордун орун басары учурда тергөө иштери бүтө элек экенин билдирип: “тергөөнүн мөөнөтү бар. Ошол убакыттын ичинде чечим кабыл алынат”, — деп жооп берди.

Масалиев өз кезегинде: “Сиз маянаны эмне үчүн алып жатасыз? Конституцияда силерге кандай укук берилген? Силер прокурор катары көзөмөлгө алышыңар керек. Биздин жарандарды эркиндикке чыгаргыла”, — деди.