Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын иши сотко өттү

Журналист Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Аширбаевдин кылмыш иши соттун кароосуна өттү. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

«Декабрдын аягында экөөнүн иши сотко өттү. Журналист Сатыбалдиева менен оператор Аширбаев «кылмыштуу топтун мүчөлөрү» жана «опузалап акча талап кылуу» беренелери боюнча шектелүүдө. 13-январда оператор Аширбаевдин баш коргоо чарасы сотто каралат», — деп билдирген Жоошев.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2016-2017-жылдары соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылып таратып, Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча талап кылган адамдар кармалганын маалымдаган. Алар 3-ноябрда 2000 доллар алып жаткан тапта колго түшкөн деп билдирген.

Бул иш боюнча Mir24.kg порталынын директору Санрабия Сатыбалдиева жана ушул эле медианын оператору Калыс Ашырбаев кармалган.

Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева 4-ноябрда тергөөчүнүн “эч жакка кетпөө” тууралуу токтомунун негизинде бошотулду. Ал жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген. Социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн.