Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга техникалык, лингвистикалык экспертизалар дайындалды

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандарга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улан Жапеков тарабынан техникалык, лингвистикалык жана саясий экспертизалар дайындалды. Бул тууралуу жактоочу Бакыт Автандил кабарлады.

Бакыт Автандил тергөөчү камактагыларга өтө кечиктирип, бир жарым айдан кийин экспертиза дайындоо боюнча чечим чыгарганына токтолду.

Тергөөчүнүн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында экспертизалардын дайындалышын жана бул экспертизаларды дайындоонун мыйзамдуулугун талашып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 181-беренесине ылайык адвокаттарга тиешелүү даттанууларды сотко жөнөтүп жатышканын баса белгиледи.

Мына ушул иштин алкагында бүгүн 10-январда саат 14:00дө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Чыңгыз Капаровдун кызыкчылыгы үчүн адвокаттын арызы боюнча соттук отурум болот. Эртең, 11-январда саат 11:00дө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Гүлнара Журабаеванын кызыкчылыгы үчүн адвокаттын арызы боюнча соттук отурум белгиленген.