Бүгүн, 10-январда Бишкектеги Ички иштер министрлигинин алдында нааразычылык акциясынын катышуучуларын милиция Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетти.
Чогулгандар Кемпир -Абад иши боюнча жапырт кармалган саясатчы, активисттерди бошотуу талабын айтып чыгышкан.
Кармалгандардын саны жыйырмадан ашуун адамды түзөт. Арасында активисттер Адилет Балтабай, Урмат Джаныбаев бар.