Сауд Арабия Кыргызстанга ажылыкка 6 миң квота бөлдү

Сауд Арабия Кыргызстанга 2023-жылга ажылык сапарга 6 миң квота бөлдү. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Алардын маалыматында, Сауд Арабия менен Кыргызстандын дин тармагында өкүлдөрү ажылыкты уюштуруу иштерин талкуулашты.

«Сауд Арабия COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорулар чыгып кала турган болсо квота кыскартылып, чектөөлөр кирип калуусу мүмкүн экендигин эскертти», — дейт муфтият.

2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4313 жаран кезек күтүп турат.