Октой чыгып, чоктой жанган убадалар… 2022-жылдын ТОП-5 аткарылбаган убадасы

Кыргыз бийлиги көпчүлүк учурда чоң убадаларды бергени менен ишке ашырбай келет. Өткөн 2022-жыл да андай убадаларга бай болду.

Bulak.kg саясатчылар тарабынан берилип, бирок, аткарылбай кагаз жүзүндө калган убадаларды эске салат.

Жел бойдон калган «Асман»

236245469 824730441558997 7175804786061050217 n Октой чыгып, чоктой жанган убадалар... 2022-жылдын ТОП-5 аткарылбаган убадасы

2021-жылдын аягында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ошол кездеги директору Равшан Сабиров «Асман» шаарынын курулушу 2022-жылдын март айында башталат деген маалымат берген.

Ал Франциянын курулуш компанияларынын бири менен келишим түзүлгөнүн кабаралап, кайсы компания экенин так айткан эмес.

– Биздин өкүлдөр келечектин шаарын куруу маселеси боюнча Францияда болуп, жолугушууларды өткөрүп, документтерге да кол коюп келишти. Менимче алгачкы инвестициялар 2022-жылдын март айында түшүп, курулуш иштери башталат, – деп Сабиров айткан.

Ошол убактан бери «Асман» дирекциясынын үч жетекчиси алмашты. Алардын арасында коррупцияга аралашты деп шектелген Тимур Файзиев да бар эле. Андан соң Равшан Сабиров өзү да кызматын таштап кеткен.

739852.0e43adf1858b1a7682dc36b8e9e45c72 Октой чыгып, чоктой жанган убадалар... 2022-жылдын ТОП-5 аткарылбаган убадасы

2022-жылдын 20-декабрында Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистандын бизнес-коомчулугуна «Асман» шаарынын курулушуна күч жумшоону сунуштаган.

2022-жылдын аягында Судан мамлекетинен чыккан кайсы бир миллиардер «келечек шаарын» курууга кызыкдар экенин айтып, инвестиция жасоого да даярдыгын билдирген.

Бирок мунун бардыгы сөз бойдон калып, маселе ордунан козголгон эмес.

Экономиканы эптей албай…

245894 Октой чыгып, чоктой жанган убадалар... 2022-жылдын ТОП-5 аткарылбаган убадасы

2021-жылдын октябрында Министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкер болуп турган Акылбек Жапаров өлкө бюджетин бир нече эсеге көтөрөм деген убадасын президентке берген.

– Акылбек Жапаров ушул жылдын (2021-жыл – ред. эскертүүсү) бюджетин 280 миллиард сом менен, ал эми кийинки жылды (2022-жыл – ред. эскертүүсү) 400 миллиард сом менен жабам деп сөз берди. Эгер ал тапшырманы аткара албаса чара көрөм, – деп президент Садыр Жапаров айткан.

Бирок, 2022-жылдын 11-октябрында Акылбек Жапаровдун Жогорку Кеңешке берген отчетунда 209 миллиард сом пайда көрсөтүлгөн.

«Отчетто 209 миллиард сом пайда көрсөтүлгөн. Ал өз убадасын аткарган жок – 71 миллиард жетпей жатат», – деп депутат Исхак Масалиев сындаган.

Белгилей кетсек, бюджетте жогоруда айтылган 9,1 млрд сом эмес, 35 млрд сомдук тарыхый рекордду түзгөн дефицит жаралды.

Акылбек Жапаровдун айтымында ал 400 млрд сомго мамлекеттик бюджетти эмес, консолидацияланган бюджетти жеткирем деп убада берген. Консолидацияланган бюджетке – Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК фонду) менен Социалдык фонддун бюджеттери кирет. Депутат Маселиевдин белгилөөсүндө бул каражаттарды киреше деп эсептөөгө болбойт.

Акылбек Жапаров 2023-жылга бюджетти 500 млрд сомго, 2024-жылга 600 млрд сомго көтөрүүнү убада кылды

Жаңы жылга үйсүз кирген Баткен эли

11c90a1a 3a05 45fd 9b69 e75d6706fd28 933x420 1 Октой чыгып, чоктой жанган убадалар... 2022-жылдын ТОП-5 аткарылбаган убадасы

2022-жылдын 14-сентябрында тажик аскерлеринин Кыргызстанга кол салуусунда 423 үй толугу менен талкаланып, өрттөлсө, 217 үй – жарым-жартылай жабыр тарткан.

19-октябрда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров жаңы жылга чейин бардык куруу иштери аягына чыгарын убада кылып, ал үчүн куруучулар тынымсыз иштеп жатканын билдирген.

Бирок, эки айдан кийин Акылбек Жапаров убадасын аткара албай турганын моюнуна алган. 8-декабрь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында жылдын аягына чейин «Аманат» курулуш компаниясы 420 үйдүн ичинен 150сүн гана куруп бүтөрүн айткан.

2022-жылдын 25-декабрында өлкө башчы Садыр Жапаров Баткен районуна өзү барып, министрлер кабинети үйлөрдү куруп жетишпей калганына күбө болгон.

Баткен шаарында 25-декабрга карата толугу менен бир эле үй даяр болгон.

24.kg сайтынын журналисттери регионду калыбына келтирүү иштери өтө жай аткарылып жатканын аныкташты. Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер айыл өкмөттөрүнүн айылдарында декабрдын аягына карата бир дагы үй курулуп бүткөрүлө элек болгон. Тажикстан менен чектеш Максат айылында да ушундай эле кырдаал катталган.

Ак-Сай айыл өкмөтүндө Министрлер кабинети азыркыга чейин үйлөрдү куруп бүтүрө элек. Андан тышкары талкаланган мектеп, бала бакчалар да калыбына келтириле элек.

Баткен районунан билдиришкендей, учурда жабыр тарткан тургундарга бир дагы үй расмий бериле элек.

Натыйжада Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан райондорунун жашоочулары Жаңы жылды үй-жайсыз тосуп, тууган, тааныштарыныкында, мечиттерде баш калкалашты.

Минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров дагы бир жолу өз убадасына турган жок.

“Улуу көчмөндөр” улуулугун тез жоготуп…

275312 Октой чыгып, чоктой жанган убадалар... 2022-жылдын ТОП-5 аткарылбаган убадасы

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» аталышындагы долбоорду Министрлер кабинети чоң сыймык менен ачып, мындан ары Кыргызстандын бардык тоо-кен компаниялары бирдиктүү холдингге биригерин жар салган.

Анын жетекчиси болуп «Кумтөрдүн» мурунку тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Холдинг Ысык-Көл облусунда цемент заводун куруп, Кабак күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүп, Куттуу-Сай, Талды-Булак, Андаш тоо кендерин иштетип, Чоң-Кемин, Кара-Көл жана Орто-Токой гидроэлектростанцияларын куруп, билим берүү менен IT тармактарын өнүктүрүп, колдоого алган долбоорлорду ишке ашырып, толгон-токой өнөр жай жана кайра иштетүүчү ишканаларды куруу иштерин ишке ашырмак.

Чын-чынына келгенде «көчмөндөр» Бишкектин борборунан айына 50 миң долларлык кеңсени ижарага алып, кымбат баалуу Италия эмеректери менен толтурушту. Ошондой эле ырчыларга финансылык колдоо көрсөтүп, театр куруу да планында бар эле.

Натыйжада Теңгиз Бөлтүрүккө үч кылмыш иши козголуп тергөө абагына камалса, холдинг баш-оту менен жоюлуу жолуна түшкөн. Азыркы маалда тергөө мамлекетке канчалык зыян келтирилгенин аныктап жатат. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, сумма 700 млн сомду чапчыйт.

Айтылган сөз атылган окпу же бул чечимде чатак жокпу?

photo1673265526 Октой чыгып, чоктой жанган убадалар... 2022-жылдын ТОП-5 аткарылбаган убадасы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Жалал-Абаддын №14 бир мандаттуу шайлоо аймагынан шайланган.

Андан көп өтпөй Temirov LIVE журналисттери Ташиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстанда күйүүчү май бизнеси менен алектенери тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Анда Шайырбек Ташиев анын жээни Байгазы Матисаков мамлекеттик «Кыргызнефтегаз» компаниясынын алдындагы «Кыргыз Петролеум Компани» фирмасын жетектей турганын айткан. Ошондой эле, журналисттер Шайырбек Ташиев Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү «Регион Ойл» заводунун директору экенин аныкташкан.

Журналисттик иликтөө чыккандан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйыны маалында анын иниси Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырарын айткан.

– Биз өз ара сүйлөшүп, үй-бүлөбүздө бир гана саясатчы болсун деп чечтик. Шайырбек Ташиев жакын арада мандатын тапшырат, – деген генерал.

Шайырбек Ташиев өзү көпкө чейин депутаттык мандатын качан тапшыра турганы тууралуу суроолорго түз жооп бербей келген. Натыйжада ал агасы чечкени менен, эл кетпе деп суранганын айтып, мандатын тапшырбай турганын билдирген.

– Бизди эл шайлап тандап алган. Кудай буйруса бардык аракеттерибизди эл үчүн жумшап, кызмат кылабыз. Менде андай таасир болбойт. Буйруса элге кызмат өтөп, эч кимден үйрөнүп, жолун кайталабайбыз, – деп Шайырбек Ташиев айткан.

Баса, бул убадасын да эл өкүлү аткарган жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Кемпир-Абаддын коңшу мамлекетке өтүшүнө каршы добуш берген депутаттарга коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын билдирген. Анын айтымында эки депутат (анын бири Шайырбек Ташиев) кабинетине чакырып туулган күнү менен куттуктап гүл, торт карматкан. Ошол учурда Шайырбек Ташиев ага каршы добуш бергениң үчүн «өзүңдөн көр» деген сөздү айтканын билдирген. Андан соң Сурабалдиеванын туугандары ээлик кылган «Кудайберген» базарына салык кызматы текшерүү менен келгени да белгиленген.

Ошондой эле, журналисттер Шайырбек Ташиев парламентте эң белгилүү, «Ак үйдүн» 3-кабатында жайгашкан №321 иш бөлмөсүн ээлеп алганын аныкташкан. Ага чейин аталган кабинетте мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков отурган. Анда дароо «Ак үйдүн» үч иш бөлмөсү бириктирилип, бирөө – иш үчүн, экинчиси – коноктор үчүн болсо, үчүнчүсү эс алууга ылайыкталган.