Равшан Жээнбеков ачкачылыкты токтотту

Саясатчы Равшан Жээнбеков ачкачылык кармоону токтотту. Бул тууралуу маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«Урматтуу мекендештер, мен 27-декабрдан тарта ачкачылык акциясын токтоттум. Акцияны күнөөсүз айымдарды түрмөдөн бошотуу талабы менен баштаган элем. Тилекке каршы, максатыбызга жетпедик. Кемпир-Абад маселеси бат эле өлкөдө кимдин ким экенин көргөзөт. Тарых баарын ордуна коёт. Мен жеке эркин, демократиялуу өлкө, жерибиздин бүтүндүгү үчүн күрөшүмдү уланта берем»,-деп жазган ал.

IMG 20221228 120115 545 Равшан Жээнбеков ачкачылыкты токтотту

«Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 15тен ашык киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышкан. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын ден соолугу начарлап жатканы буга чейин айтылган болчу.