ИИМ органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өттү

Бишкек шаарындагы ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өттү
2022-жылдын 27-декабрында эски аянтта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү.

322184189 1164932581081283 8112037738307164843 n ИИМ органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өттү

Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Аянтта ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүктөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, Академиянын курсанттары саптык кароого тизилишти. Өздүк курамга жана техникаларга кароо жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эң алгач баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыбыз менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин атынан, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, кажыбас кайрат, ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм,-деди.

Андан ары сөзүн уланткан Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров: “Бүгүнкү гарнизондук бөлүштүрүүнүн максаты – Жаңы жылды тосууда жана эс алуу күндөрүндө коомдук тартипти сактап, жол эрежелерин камсыздап, жалпы журтубузга коопсуздукту камсыз кылуу.

Сиздердин иш күнүңүздөр 8 саатка эмес, 18 саатка жана 365 күнгө созулуп, жеке жашоодон кызматтык милдеттерди бийик коюп, мекенибиз үчүн, элибиздин тынчтыгы үчүн иштеп жатасыздар, бул талашсыз чындык. Ушул күндөрү республика боюнча 12 миңден ашык кызматкер “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөйт. Бирок, дал ушундай тартипте иштеп, өлкөбүзгө ак эмгекти арноо – бул баарыбыздын ыйык парзыбыз! Милициянын тарыхында: “Бир да кылмыш ачылбай калбасын”, “Коомдук тартипти сактоодо күчүбүздү, керек болсо жаныбызды аябайбыз” деген ички көөдөндөн жаралган принциптериңер бар, аларды бекем карманып келесиздер. Мындай ураандар ар бир кызматкерге өз кесибин сүйүүгө, жан дили менен берилип кызмат өтөөгө дем берип келет.
Албетте, буйрук – сиздер үчүн мыйзамга тете акт.

WhatsApp Image 2022 12 27 at 09.05.50 ИИМ органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өттү

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери быйыл өтө жакшы иштеди: Республикада кылмыштуулуктун саны кескин түрдө кыскарды, кылмыштын бетин ачуу жогорулады, арыз-даттанууларды жеринде кароо ишмердиги жакшырды. Бул сиздердин биргелешип иш алып барган таза мээнетиңиздер жана өз милдетиңиздерди так аткарганыңарды далилдейт.

Мекендин бүтүндүгүн сактоодо Баткенде чек ара жоокерлери менен биргеликте зор эрдиктерди көрсөттүңүздөр. Учурдан пайдаланып, Сиздерди кайсы жерде болсо да ушундай тартипке чакырган, үйрөткөн, тарбиялаган ардагерлерге, жетекчилерге жана өзүңөрдүн жүрөгүңөрдөгү чакырыктарга, бири-бириңер үчүн тикеңерден тик туруп шериктештикти билдирген бекем ынтымагыңарга, темирдей тартибиңер үчүн рахмат айтам.

“Мекенди сүйүү, Мекенге кызмат кылуу – милициядан башталат” деген ураанды ар кандай кырдаалда – күжүрмөн даярдыкта болуу принцибинде жана милдетке дайым даяр болуу кыраакылыгында көрсөттүңүздөр. Муну ар бир кызматкердин инсандык ички өнүгүүсү деп баалайм. Мындан ары да эрдиктин жана каармандыктын үлгүсүн көрсөтө бересиздер деп ишенем», — деп билдирди.

WhatsApp Image 2022 12 27 at 09.05.51 1 ИИМ органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өттү