Россия Бишкектеги жерди 2,9 миң долларга 49 жылга ижарага алат

Кыргызстан Россиянын Чек ара кызматына Бишкектен жер тилкени 2 миң 900 долларга көп жылдык (49 жыл) ижарага берет. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, Россиянын Чек ара кызматы жеке жактардан эки имаратты сатып алып, андан кийин анын алдындагы жерди ижарага алууну чечкен. Бакиров Россия эки имаратты канчага сатып алганы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Ал белгилегендей, жерди көп жылдык ижарага алуунун баасы 2 миң 900 долларды түзөт.

«Бул бир жолу төлөнүүчү төлөм», — деди ал.

Буга

Эскерте кетсек, быйыл июнь айында Россиянын Чек ара кызматы Бишкектин Жибек Жолу (№ 539) жана Керимбеков (№ 107) көчөлөрүндө жайгашкан жерлерди ижарага алууну палндап жатканы белгилүү болгон.

Аталган даректеги имараттар кызматтык пайдалануу үчүн алынууда.