Жапырт кармалгандардын жакындары акцияга чыгышты

Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын жакындары, апалары бүгүн 22-декабрда Бишкекте акцияга чыгып, аларды коё берүүнү талап кылышты.

Курманжан датканын эстелигинин алдына Орозайым Нарматова, Бектур Асанов, Перизат Суранова, Асия Сасыкбаева баштаган бир катар саясатчылардын, активисттердин тарапташтары жана жакындары чогулуп, мыйзамдар одоно бузулуп жатканын айтышты.