Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жактоочулары бийликке кайрылат

Бишкекте массалык тополоң чыгарып, бийликти кулатууга даярдык көргөн деп кармалып абакта отургандардын арасынан мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган адамдар 20га жетти. 

Бүгүн, 21-декабрдагы маалымат жыйында жапырт камалгандардын жактоочулары бийликке кайрылуу жолдошту.