Болот Темировдун иши боюнча жактоочу тарап жашыруун материалдар менен таанышуу өтүнүчү менен кайрылды

Бүгүн, 21-июнда сот отуруму өтүп жаткан журналист Болот Темировдун иши боюнча жактоочу тарап жашыруун материалдар менен таанышуу өтүнүчү менен кайрылды. Иш Свердлов райондук сотунда каралууда.

«Биз бул материалдардын көчүрмөсүн сурабайбыз, бирок күбөлөр суракка алынганга чейин ал жерде эмне бар экенин билгибиз келет», — деди жактоочу.

Ага жооп берген судья материалдарды али окуй электигин айтты.

Болот Темиров жактоочу тарап күбөлөрдү суракка алганга чейин жашыруун материалдар менен таанышып чыгуусун талап кылууда.

Болот Темировдун иши боюнча кезектеги соттук отурум жума күнү, 24-июнда саат 9:30га жылды.

Эске салсак, Темировго 20-апрелде Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Ал муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет.