Мелис Аспеков кургак ачкачылык жарыялады

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаардык сотунда жарандык активист Мелис Аспековдун соту жабык эшик артында каралды. Сот процессти сүрөт, видеого тартууга уруксат берилген жок.

Отурумда Мелис Аспеков ишти караган судьяны алмаштырып берүү өтүнүчүн келтирип, болбосо ачкачылык жарыялай турганын билдирди.

«Мени залдан чыгарууну суранам. Кургак ачкачылык жарыялайм. Эгерде мени менен бир нерсе болсо силер жооп бересиңер»,-деди ал.

Жараянга айрым күбөлөр келбегенине байланыштуу отурум кийинкиге жылды.

Кошумчалай кетсек, Мелис Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач ага карата Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында «Алдамчылык» беренеси да кошулган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Аспековду өткөн айда жети жылга абакка кесип, жабырлануучулардын пайдасына 23 млн. 429 миң сом чыгымды өндүрүп берүүгө милдеттендирген. Активист муну куугунтук деп баалаган.