Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кеңешменини жүрүшүндө өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын абалы, электр энергиясын жана көмүрдү импорттоо, жергиликтүү көмүр казуу көлөмү жана отун запастарын даярдоо, энергетикалык обьектилердеги ремонт иштерине тийиштүү маселелер каралды.

Бакыт Төрөбаев тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүүдөгү жеке жоопкерчилигин белгиледи.

“Жылытуу мезгилине карата өткөн жылдагыдай калкты көмүр менен камсыздоодо жаралган кыйынчылыктар кайталанбашы керек. Биринчи кезекте бардык социалдык мекемелер, өлкөнүн алыскы райондору көмүр менен тийиштүү көлөмдө камсыз болушу керек. Отун базалары белгиленген мөөнөттөргө карата калкты көмүр менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздап башташы керек. Тартыштыкка жана баалардын негизсиз жогорулатылышына жол берилбеши тийиш. Мындан тышкары, бардык энергетикалык объектилер жылытуу мезгилине карата максималдуу жүктөмгө даяр турушу зарыл”, — деди ал.

Штабдын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди. Энергетика министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды: Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдаланууну жана анын тийиштүү көлөмдө топтолушун камсыз кылуу; «Электр станциялары» ААК жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен бирдикте Бишкек шаардык ЖЭБге сапаттуу көмүр жеткирүү планын камсыздоо боюнча иштиктүү чараларды кабыл алуусу; энергетикалык объектилерде ремонт иштерин өз мөөнөтүндө жүргүзүү.

Жергиликтүү бийлик органдарына калкты өз убагында көмүр менен камсыз кылуу, керектүү көлөмдө  отун базаларын жана көмүр сатуучу жайларды, анын ичинде көчмө пункттарды ачуу тапшырмасы берилди.

1024x582x62b063574fbd7 thumb.jpg.pagespeed.ic.0RI3y8ze4H Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү
1024x579x62b06356ee02d thumb.jpg.pagespeed.ic.hLmbTm4bDF Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү
1024x597x62b063570a4f3 thumb.jpg.pagespeed.ic.A U3qESX6g Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү
1024x662x62b0634e24bcf thumb.jpg.pagespeed.ic.WID7YvGnGW Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү