Ак-Ордо конушундагы окуя боюнча Чүй ОИИББ чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү таркатпоону өтүнөт

Ак-Ордо конушундагы тургундар тарабынан ууру делип кармалган жаран боюнча маалыматтар тарады.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди, деп билдирди Чүй
облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.


Буга чейин маалымдалгандай, 2022-жылдын 20-июнь күнү саат 16:00 чамасында
Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү
тургундар тарабынан уурулукка шектелген жаран кармалгандыгы тууралуу
маалымат түшкөн. Алынган маалымат боюнча тергөө-ыкчам тобу дароо чыгып
кетишкен.


Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери саат 15:20 чамасында Ак-Ордо
жаңы конушунда жергиликтүү тургундар аталган жаранды уюлдук телефон жана
башка буюмдарды уурдаган деген шек менен кармап, андан соң мамыга байлап
коюшканын аныкташкан. Бул факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө
катталган.
Мындан аркы иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү
үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда саат 15:00дөн саат 16:00гө чейинки аралыкта
аталган жаңы конуштун жашоочуларынын биринин үйүнө кирип, бир нече бут
кийимдерди жана уюлдук телефон уурдап кеткендигин аныкташкан. Ошентип
жалпысынан 14500 сомдук материалдык зыян келтирген. Арыз менен 1966-жылы
туулган А.Л. кайрылган

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча
Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.
Облустук милиция жергиликтүү тургундар тарабынан кармалган адам Сокулук
райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилгенин
кошумчалады. Ал 1965-жылы туулган Э.Ф. Туугандарынын айтымында, ал
психиатриялык ооруканада каттоодо турат. Ал жерде 2020-2021-жылдар
аралыгында дарыланган.
Шектүүнүн жакындары жарыяланган видеоматериал боюнча арыз жазуудан баш
тартышкан. Бирок ага карабастан, иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн
милиция кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары
жүргүзүлүүдө.


«Бул факты боюнча айрым абийирсиз жарандар улуттар аралык жаңжалга
үндөгөн билдирүүлөрдү тарата башташкан. Буга байланыштуу Чүй ОИИББ
чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү таркатпоону өтүнөт.