Жактоочу жана жеке аудитор пара алып жаткан жеринен кармалды, – УКМК

УКМК: Прокуратуранын кызматкерлери, адвокат жана жеке аудитор пара алып жаткан жеринен кармалды

      2022-жылдын 14-декабрында КР УКМК тарабынан Башкы прокуратура менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү А.М.Ш., адвокат Т.З.М. жана жеке аудитор Т.С.Т. кармалды.

      Аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алышып, Кыргыз Республикасынын Б.К.С. аттуу жаранына карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган.

      Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
1a0171fe 6d74 498d 8a41 d373bf7a9567 Жактоочу жана жеке аудитор пара алып жаткан жеринен кармалды, - УКМК