Бизнес менен байланышкан депутаттар сүйлөп, добуш бергенден коркушат, – Мадумаров

Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бүгүн парламентте ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.

Эл өкүлү экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбековадан ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүдөн коргоо боюнча мыйзам долбоорунда кандай кепилдиктер камтылганын сурады.

«Бизде жакшы мыйзамдар бар, алар эл аралык стандарттарга жооп берет. Бирок алар иштебейт. Билесиңби, эмнеге бизнеске байланышкан депутаттар бул жерде титиреп жатышат? Түшкү тамакка чейин сөз сүйлөсө, түштөн кийин дароо текшерүү келет. Сүйлөгөн сөзү үчүн текшерилип жатышат», — деди Адахан Мадумаров.

Экономика министринин орун басары мыйзам долбоорунда ишкерлерди текшерүүнүн принциптери көрсөтүлгөнүн айтты.