
Жаңы жылды майрамдоо түстүү фейерверк менен жыйынтыкталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган.
«Учурда борбор калаанын мэриясы 2023-жаңы жылды тосууга майрамдык программа даярдап жатат. Жаңы жыл алдында шаардыктарды чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык фейерверк быйыл биринчи жолу эмес, буга чейин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө да түстүү фейерверк аттырылган.