Депутат Алишер Козуев министрлер кабинетинин кезектеги кредиттик келишимин сынга алды

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин жыйынында депутат Алишер Козуев министрлер кабинетинин кезектеги кредиттик келишимин сынга алды.

Ал белгилегендей, өлкө каржы институттарынан ири суммада карыз алат.

«Сиз (ред. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков) кредит боюнча дүйнөлүк чемпионатка катыша аласыз. 32 жылдан кийин кайра кантип кайтарасыңар? Энергетика тармагындагы жабдыктар бюджеттин акчасына же ички каражатка алынса жакшы болмок”,- дейт Алишер Козуев.

Комитет Дүйнөлүк банк менен 58 миллион долларлык кредиттик келишимди карап жатат.