
Аргентинанын бийлиги 2022-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңген улуттук кураманы тосуп алуу үчүн 20-декабрды улуттук майрам деп жарыялап, эс алуу күнү кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Эске салсак, 18-декабрда 2022-жылы Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында аргентиналык футболчулар Франция курамасын утуп, дүйнө чемпиону аталышкан.