Клара Сооронкулова абактан кайрылуу жолдоду

Бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган Клара Сооронкулова кайрылуу жасады.

Ал өз кайрылуусунда, абактагы ачкачылык жарыялагандардын абалына көңүл бурууну айткан.

«Мага жеткен маалыматтар боюнча Суранова Перизаттын абалы оор, өз алдынча кыймылдай албайт. СИЗОнун жана медициналык бөлүмдүн кызматкерлери анын ден соолугун сураганда жооп берүүдөн баш тартышууда.
Анын тагдырына кайдыгер карабаган ар бир адамдан тез арада ооруканага жаткырылышын талап кылууну суранам! Ооруканага жаткыруудан баш тартуу атайылап медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу катары каралат.
Перизат Суранованы кыйнаганды токтот! Нарматованын оор көйгөйлөрү бар, окшуган үнү коңшу камерабыздан да угулат.
Бирок ага тиешелүү медициналык жардам да жок. Мен өз кезегимде жолугушууга мүмкүнчүлүк болуп калса, саясий туткундарыбыздан ачкачылык акциясын токтотууну суранам», — деп жазат ал.

Ал эми өзү жана Рита Карасартованын абалы жакшыраак экенин айтып, ачкачылыкты уланта беришерин кошумчалаган.