Таалайбек Мадаминов да ачкачылык жарыялады, – кат

Кемпир-Абад иши боюнча «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп шек саналып камакта жаткан дагы бир жарандык активист Таалайбек Мадаминов 15-декабрдан тарта мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

 Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Алардын ичинен 19 киши соттун чечимине нааразы болуп ачкачылык жарыялашкан. Камактагы аялдар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдогон.

23-28-октябрь аралыгында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги мунун себебин “Кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген негизде түшүндүргөн.

319722688 3371671096432297 6220174589014879489 n Таалайбек Мадаминов да ачкачылык жарыялады, - кат