Төрага министр Кутмановага: “Сиз баяндаманы орус тилинде жасоону кимден сурадыңыз, кыргыз тилинде жасаңыз”

Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы абанын сапаты тууралуу маселе каралып жатат. Аталган көйгөйгө тиешелүү бир катар жетекчилер маалымат берүү үчүн чакырылган.

Анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова расмий тилде баяндама жасаарын билдирди. Буга нааразы болгон төрага Нурлан Шакиев, аны мамлекеттик тилде жасоосун буйруду.

“Сиз баяндаманы орус тилинде жасоону кимден сурадыңыз? Эмне үчүн кыргыз тилинде эмес?”, – деди Шакиев.

Буга Динара Кутманова төрагадан сурадым деп жооп берди

“Качан менден сурадыңыз? Мен азыр көрүп жатам. Тартип боюнча баяндаманы мамлекеттик тилде жасоо керек. Уруксат сурабайсыңарбы. Кыргыз тилинде жасаңыз”, – деди төрага Шакиев.