Бишкекте казак жаранынын 40 миң долларын тоноп кетишти

Бишкекте ботаникалык бактан Казакстандын жаранынын 40 миң долларын тоноп кетишкен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 10-декабрда Октябрь райондук милициясына Казакстансдын жараны арыз менен кайрылып, 7-декабрда саат 15:00дөр чамасында белгисиз жарандар ага тапанча менен кол салып, жанындагы 40 миң долларын тоноп кеткенин айткан.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен каттоого алынган.

Кол салууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1993-жылы туулган И.И., 1991-жылы туулган Б.Б. жана 1996-жылы туулган Т.У.лар кармалып, 2 айга камакка алынды.

Шектүүлөрдүн биринин жашаган жерин тинтүүгө алганда 5,5 миң доллар, «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча ок-дарылары менен табылып, экспертиза дайындалган.

«Кылмышкерлердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (550) 102-607 же 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөбүз», — деп айтылат билдирүүдө.