Кызды сабап жаткан жарандын видеосу тарады

Белгисиз жарандын кызды сабап жаткан видеосу тарады. Бул тууралуу маалыматты  Kaktus.media сайты өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, окуя 4-декабрга караган түнү Altyn Palace тойканасынын жанында болгон.

Тасмадан белгисиз жаран жерде жаткан кызды тепкилеп, чачтарынан кармап тургузганын көрүүгө болот. Бул учурда башка адамдар жардамга келген.

Биринчи Май РИИБден окуя боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.